Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Калилов: Шал оорусу айыкпайт, алдын алуу гана керек


23-майда Кыргызстанда шал оорусуна каршы 14 жашка чейинки балдарды эмдөөнүн экинчи баскычы башталды.

Шал оорусуна каршы эмдөөнүн жол-жобосу тууралуу Республикалык иммундук алдын алуу борборунун директору Жолдош Калилов айтып берди.

“Азаттык”:
Шал оорусуна каршы былтыр да эмдөө жүргүзүлгөн. Быйыл эки баскыч менен өтүп жатат. Бул жылкы эмдөөнүн кандай өзгөчөлүгү бар?

Жолдош Калилов: Былтыр Борбор Азияда, айрыкча Тажикстанда шал оорусу жайылып кеткен. Бул вирус чек араны билбейт экен. Ушул себептен илдет шал оорусу жок өлкөлөргө да таркап кетүү коркунучу болуп атат.

Былтыр июнь-август айларында биз бул вирустун бир эле түрүнө каршы эмдөө жүргүзгөнбүз. Быйылкы өзгөчөлүгү - бул вирустун үч түрүнө каршы өткөрүп жатабыз. Биз эмне үчүн эмдөөнү эки этап менен өткөрүп жатабыз? Себеби бала эки жолу эмдөөдөн өтсө иммунитети өто жогорку деңгээлде болот.

“Азаттык”: Оору эмнелер аркылуу жугат?

Жолдош Калилов: Шал оорусу негизи ооз аркылуу жугат. Кир тамак-аш, таза эмес суу аркылуу жуктуруп алса болот. Бул ооруга айрыкча 5 жашка чейинки балдар кириптер болот. Анткени алар бала-бакчада болот, жерде, сууда ойношот, тазалыкты анча биле беришпейт да. Ошондуктан ата-энелер балдарына көзөмөл салышы керек. 5 жашка чейинки балдарды абдан жакшы караш керек.

Былтыр биз шал оорусуна каршы эмдөөнү төрөлгөндөн беш жашка чейинки балдарга жүргүзгөнбүз, быйыл он төрт жашка чейинки балдарды эмдеп атабыз. Себеби Тажикстанда бул ооруга чалдыккан балдарды анализдеп көргөндө 13-14 жаштагы, ал гана эмес андан улуу адамдар да оорушкан экен.

“Азаттык”: Оорунун белгилери кандай болот?

Жолжош Калилов: Оорунун белгилерин 6 күндөн тарта 21 күнгө чейин байкаса болот. Биринчи белги бул - дененин ысышы. Дене өтө жогорку температурада ысып, баш айланып киши баса албай калат. Себеби вирус барып эле нерв тутумдарын, баш мээ жана жүлүндү жабыркатат. Мына ошондо бала шал болуп баса албай калат.

“Азаттык”: Оорунун алдын алуу үчүн эмне керек?

Жолдош Калилов: Балдар дарыгери катары ата-энелерге берер кеңешим, бизде эмдөө боюнча улуттук календар бар. Бала төрөлгөндө эле төрөт үйүндө берилет. Андан кийин эмдөө эки айлыгында, кийинкиси үч жарым айлыгында жүргүзүлөт. Беш айында да бир жолу эмделет.

Ата-энелер сөзсүз түрдө балдарды медициналык жайларда бул эмдөөлөрдөн өткөзүшү керек. Экинчиден, тазалыкты сакташ керек. Айрыкча беш жаштагы балдардын тазалыгы дайыма ата-энелердин көзөмөлүндө болушу керек. Себеби балдар тазалыкка муктаж. Ата-энелер өз балдарынын ден соолугун сактайм десе ушуларды эске алышы абзел. Себеби шал оорусу айыкпайт. Анын алдын алса гана болот.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG