Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Ошто өспүрүмдүн өлүмү иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүндөгү Гүлбаар-Төлөйкөн айылында өз жанын кыйганы кабарланган 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү иликтенүүдө.

Шаардык милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, баланын сөөгү 15-январда кечке жуук өзү жашаган үйдүн короосундагы сарайдан табылган. Ал чөп байлаган жипке асынып алганы айтылууда. Милицияга маалыматты маркумду асынып турган жерден чечип алган күбөлөр кабарлашкан.

Окуя Кылмыштардын жана жазалардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренесинин ("Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү") белгилери менен катталды.

"Асынганга чейин ал көзүнө белгисиз караандар кѳрүнүп жатканын ата-энесине айткан. Жакындары маани беришкен эмес", - деп айтылат расмий билдирүүдө. (MdN)

XS
SM
MD
LG