Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Көйнөк кийбей келген кызматкер парламенттин жыйынынан чыгарылды (видео)


Талантбек Тынысов. 16-январь, 2019-жыл.
Талантбек Тынысов. 16-январь, 2019-жыл.

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылды.

Алгач депутат Алмазбек Токторов Тынысовдон эмне үчүн парламентке футболка кийип келгенин сурады.

- Жетекчибиз ооруп калып, мага жыйын боюнча эртең менен эле айтылды. Азыр свитер менен отурам. Футболка эмес. Негизи жетекчибиз келмек, - деп жооп берди Токторов.

Анын кийимин вице-спикер Мирлан Бакиров да сынга алып, Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн аппаратына муну көзөмөлгө алууну тапшырды.

- Кийим-кече жана башкалар боюнча бизде тартип бар. Жогорку Кеңештин, өкмөттүн аппараты, муну эмне үчүн карабайсыңар? Өкмөттүн өкүлү… Бул жер эмне, базарбы?! Сиз комитеттин чечими боюнча да чакырылгандардын арасында жок экенсиз . Бара берсеңиз болот.

Бул жыйында Жогорку Кеңеште мектепте 9-класстан кийин окубай калган улан-кыздарды милдеттүү түрдө кесиптик-техникалык окуу жайларында окутуу боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG