Кения полициясынын маалыматына караганда, каза болгондордун он алтысы жергиликтүү тургундар, британиялык жана америкалык эки жаран да бар. Дагы бир кишинин тек-жайы тактала элек.
28 адам ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилди. Полиция террорчуларга каршы операция жүргүзүп, беш согушкер жок кылынганы кабарланды. Аларга көмөктөшкөн деген шек менен эки адам камакка алынды.
15-январда Найробидеги мейманканага террордук чабуул болгон. Бир нече террорчу автоунаа менен келип, мейманкананын күзөтчүлөрүн атып салышкан, андан кийин машине токтотуучу жайда жардыруу уюштуруп, имараттын кире беришинде жанкечти өзүн жардырган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Аль-Каида" тобуна байланышы бар "Аш-Шаббаб" уюму моюнга алды. Бул уюм негизинен Сомалинин аймагында жайгашкан.
"Аш-Шаббаб" Кенияда буга чейин да кол салууларды уюштурган. 2013-жылдын сентябрында Найробидеги соода борборунагы чабуулдан 67 киши өлгөн. 2015-жылы Гарисс университетиндеги террордук кол салуу 150 кишинин өмүрүн алган.