Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн чыгаруу талабы менен чыккандар 17-январда кезектеги митингин уюштурушту.
Байкоочулардын болжолдуу эсебинде 300-400 киши катышып жаткан акциянын катышуучулары "жыйынга бийлик өкүлдөрү келсин" деген талапты коюшту. Ушундай эле талап менен 7-январда да митинг болгон.
Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы басым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытайлык жарандарга каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат.
Бишкекте бейшемби күнү өткөн митингде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев чогулгандардын алдына чыгып сүйлөп, Интернетте тарап жаткан кабарлар туура эмес экенин айтып, Кыргызстанга кирген кытайлык жарандар мыйзамдуу тартипте киргенин билдирди. Митингчилер "кытайлар иштеп жаткан ишканаларга барып көрөлү" деген өтүнүчүн айтышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков 11-январда кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскерткен. Ага удаа эле биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов басма сөз жыйынын өткөрүп, «кытай жарандары көбөйүп кетти» деген маалыматтарды жокко чыгарган.
Буга чейин Кыргызстанда кен чалгындаган, кен казган кытайлык компаниялар, инвесторлор менен жергиликтүү тургундар тил табышпаган, чатакташкан учурлар көп болгон.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда 400гө жакын кытай ишканасы бар, ал эми биргелешкен ишканалардын саны 177. Расмий Бээжин каржылаган ишканалардан былтыр 3,8 миллиард сом салык түшкөн, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп.
Былтыр Кыргызстанга 35 миңден ашуун (35 миң 215) кытай жараны келип, 34 миң 436сы кайра чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматында 25 миңге жакын кытай жараны каттоодо турат. Алардын 25ине өлкөдө жашоого уруксат берилген.
Соңку тогуз жылдын ичинде 268 кытай жараны Кыргызстандын атуулдугун алган. Алардын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 171си кыргыз, 72си уйгур, тогузу өзбек, алтоо кытай жана бири казак. (SE)