Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:15

Өзбекстан ID-картага өтүүнү 2021-жылга калтырды


Өзбекстандын жалпы жарандык паспорту.
Өзбекстандын жалпы жарандык паспорту.

Өзбекстан жалпы жарандык паспорттордун ордуна идентификациялык карталарды (ID-карта) 2021-жылдан тартып киргизе баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Өзбек өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик персоналдаштыруу борборунун директору Нажмиддин Турахожаевдин айтымында, ага чейин өлкөдө тиешелүү инфраструктураны даярдоо иштери жүрөт.

«Азыр биз технологиялык жараяндардын бүтүндөй бир чынжырчасын иштеп чыгып жатабыз. Мындан тышкары бул тармакта иштей турган мамлекеттик органдарды даярдайбыз. Мүмкүнчүлүккө жараша акырындык менен долбоорду ишке ашырабыз», — деди Тураходжаев.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев былтыр апрелде кол койгон жарлыкка ылайык, идентификациялык карталар тесттик режимде Ташкенттин Юнусабад районунда 2018-жылдын 1-ноябрынан тартып киргизиле башташы керек болчу.

XS
SM
MD
LG