Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:42

Ошто автоунаада камалып калган 1,5 жашар бала куткарылды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-январь күнү Ош шаарында өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери бир жарым жашар баланы автоунаага камалып калган жеринен чыгарып алышкан. 

Баланын ата-энеси машиненин эшиги жабылып калганын, ичинде наристе бар экенин айтып, куткаруучуларга кайрылышкан. Ата-энеси бир саатка жакын убакыт бою автоунаанын эшигин өз алдынча ачууга аракет кылып, пайда чыккан эмес. 

Куткаруучулардын маалыматы боюнча, баланын акыбалы жакшы. (MdN)

XS
SM
MD
LG