Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Чехияда советтик оккупацияга каршы чыккан студент Палах эскерилди


Ян Палахтын сүрөтүнүн алдына коюлган гүлчамбарлар. 16-январь, 2019-жыл.
Ян Палахтын сүрөтүнүн алдына коюлган гүлчамбарлар. 16-январь, 2019-жыл.

Чехияда студент Ян Палах өзүн өзү өрттөп жибергенинин 50 жылдыгы эскерилди. 1969-жылдын 16-январында 20 жаштагы Палах советтик аскерлер баштаган оккупацияга каршылыгын билидирип Праганын борборундагы Вацлав аянтында өзүнө бензин куюп өрт койгон. Ал 3 күндөн кийин ооруканада көз жумган. Философия факультетинин студенти калтырган катта цензураны, советтик үгүттү токтотууга, жалпы иш таштоого чакырыктар болгон.

Маркум окуган Карлов университетинде 16-январда эскерүү тактасы ачылды, Чехиянын жер-жерлеринде көптөгөн кечелер, концерттер уюштурулду. Катардагы чехтер Вацлав аянтына гүл алып келип, шам жагып жатышты.

1989-жылдын январында, Палахтын өлгөнүнө 20 жыл болгондо миңдеген студенттер өкмөткө каршы мурда болуп көрбөгөндөй жүрүш-демонстрацияларды уюштурушкан. Полиция аларга каршы ырайымсыз күч колдонгон. Бирок ал акциялар “Баркут ыңкылабына” алып келип, коммунисттик режим кулатылган.

Палахка чейин жана андан кийин Чехословакиянын оккупациясына ушундай жол менен каршылыгын билдирген диссиденттер Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүндө да болгон.

Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн аскерлери Чехословакияга 1968-жылдын августунда киргизилген.

Ян Палах - эркиндикти сүйгөн элдин символу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

XS
SM
MD
LG