Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Ала-Тоо аянтындагы митингди милиция таратып жатат


Митинг учуру.
Митинг учуру.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында уюштурулган митингди милиция кызматкерлери тарата баштады. Күч кызматкерлери "тартип бузду" деген негизде кармалган бир канча жаранды Ички иштер министрлигине таандык автобустарга салып жатышат. Милиционерлердин бири журналисттердин суроосуна "митинг саат 13:00дө бүтүшү керек эле" деп жооп берди. Канча адам кармалганы так эмес. Тартип сакчылары элди тарап кетүүгө үндөп жатышат.

17-январдагы митингди жарандык активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен уюштурушту. Митинг түшкө жакын башталган. Күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар эки миңдей киши келгенин айтууда.

Мурдараак митингчилердин талаптары жазылган кагазды депутаттарга тапшырмак болгондорду милиция Жогорку Кеңешке киргизбей койгон. Митингчилер өздөрүнүн милиция тарабынан кармалган активисттерин бошотууну, кытай мигранттары үчүн эмгек квотасын азайтууну, паспортко "улуту" деген графаны кайтарууну, өз оюн ачык айткан активисттерди куугунтуктоону токтотууну, кыргыз кыздарына чет элдик жарандарга турмушка чыгууга тыюу салууну жана парламент депутаттарынын санын азайтууну талап кылышты.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев чогулгандардын алдына чыгып сүйлөп, Интернетте тарап жаткан кабарлар туура эмес экенин, Кыргызстанга кытай жарандары мыйзамдуу тартипте киргенин, жол куруу жана башка тармактарда макулдашуу менен иштеп жатышканын билдирди.

Жапырт кармоо баштала электе ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов митингдин айрым кармалган катышуучулары сурак беришип, кайра кое берилгенин "Азаттыкка" билдирген. Анын айтуусунда кармалгандар 7-январда ушул эле талап менен уюштурулган митингден кийин козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө беришкен.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы басым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат.

XS
SM
MD
LG