Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Украинада жикчилерди колдогон журналист камалды


Украин жоокери.
Украин жоокери.

Украин бийлиги "өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирген" деген айып менен журналист камалганын билдирди. Коопсуздук кызматы 17-январда тараткан маалыматка караганда, ай башында Орусиядан депортация болгон Олена Бойко 2014-жылдан бери Интернетте “Украинага каршы материалдарды” жайылтып жүргөн.

Бул жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын мыйзамсыз өзүнө кошуп алган. Москва ошондон бери Донбасстагы жикчилерди да колдоп келатат.

Украин Коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө Бойко жикчилердин көзөмөлүндөгү аймакка август айында барып, Орусияга жол тарткан. Ал жактан “Украинанын чек араларын же мамлекеттик түзүмүн” өзгөртүүгө ачык чакырганы айтылат.

Декабарда Москва шаарынын соту журналист "Орусиянын миграция мыйзамдарын бузган" деп аны депортациялоо жөнүндө чечим чыгарган. Сотко чейин теле берүүдө Бойко украин бийлигин сындаган жана өлкө чыгышындагы жикчилерге колдоосун билдирген.

Адвокаттын айтымында, Бойко Орусиядан бир нече жолу башпаанек сураганы менен өтүнүчү четке кагылып келген.

XS
SM
MD
LG