Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Аманбол Бабакулов сотко жеткирилгенин билдирди


Аманбол Бабакулов митингде сүйлөп жаткан учуру.
Аманбол Бабакулов митингде сүйлөп жаткан учуру.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митингди уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов Биринчи май райондук сотуна жеткирилгенин, бөгөт чарасы каралып жатканын билдирди. Ал өзү жалгыз экенин, митингде кармалган башка кишилер милиция башкармалыгына алынып кеткенин айтты.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында уюштурулган митингди милиция кызматкерлери таратты. Тартип сакчылары бир канча жаранды кармап кетишти. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов митинг уюштуруудагы эрежелерди бузуп, жол кыймылына жолтоо болгондор, кастыкты козуткан чакырык таштагандар суракка алынарын айтты. Кармалгандардын саны так эмес. Милиция кызматкерлери аянтка көзөмөл кылууну улантып жатышат. "Тазалык" ишканасынын жумушчулары аянтты тазалай башташты.

17-январдагы митингди жарандык активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен өткөрүштү. Түшкө жакын башталган митингге күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар болсо эки миңдей киши келгенин айтууда.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы кысым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат.

Митингчилер Кыргызстанда кытай мигранттары үчүн эмгек квотасын азайтууну, паспортко "улуту" деген графаны кайтарууну, өз оюн ачык айткандарды куугунтуктоону токтотууну, кыргыз кыздарына чет элдик жарандарга турмушка чыгууга тыюу салууну жана парламент депутаттарынын санын азайтууну талап кылышты. (SE)

XS
SM
MD
LG