Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:28

Кармалгандардын арасында "Кырк чоро" кыймылынын лидерлеринин бири да бар


Митингди таратууга келген милиционерлер.
Митингди таратууга келген милиционерлер.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митингден милиция кармап кеткен жарандардын арасында "Кырк чоро" тобунун лидерлеринин бири Бактыбек Нуралы уулу да бар. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" өзү билдирди.

17-январдагы митингди жарандык активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен өткөрүштү. Түшкө жакын башталган митингге күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар болсо эки миңдей киши келгенин айтууда.

Акцияны милиция кызматкерлери таратты. Тартип сакчылары бир канча жаранды кармап кетишти. Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов митинг уюштуруудагы эрежелерди бузуп, жол кыймылына жолтоо болгондор, кастыкты козуткан чакырык таштагандар суракка алынарын белгиледи.

Мурдараак уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов Биринчи май райондук сотуна жеткирилгенин, бөгөт чарасы каралып жатканын билдирди. Ал өзү жалгыз экенин, митингде кармалган башка кишилер милиция башкармалыгына алынып кеткенин айткан.

Кытайда кыргыз, уйгур, казак жана башка улуттагыларга каршы кысым күчөгөнү тууралуу маалыматтар чыккандан кийин социалдык тармактарда, мессенжерлерде Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы билдирүүлөр байма-бай тарап жатат.

XS
SM
MD
LG