Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Бажы алымы жөнүндө токтомдун бир пункту мыйзамсыз деп табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы өкмөттүн бажы алымы боюнча токтомунун бир пунктун Конституцияга каршы келет деп тапты.

1994-жылдын 18-июлундагы өкмөттүн №521 токтому менен бекитилген мамлекеттик алымдын коюмдарынын 1-пунктунун «а» бөлүгүнүн төртүнчү абзацынын мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө ишти палата 16-январда карады.

Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул ченем Баш мыйзамга карама-каршы келет деп таанылды. Талаштуу ченем тууралуу чыгарылган тыянакты өкмөткө берилип, 16-апрелден кечиктирбестен өзгөртүү сунушталды.

Конституциялык палата өз чечимин негиздеп берген тыянактар бул шилтемеде.

XS
SM
MD
LG