Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

АКШ Орусия менен ракеталык келишимден чыгат


Кошмо Штаттар Орусия менен түзүлгөн жана Кансыз согуш доорунан мураска калган ракеталык келишимден чыгуу жараянын баштайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча орун басары Андреа Томсон 16-январда Женевада билдирди.

Орусия менен АКШ дипломаттарынын соңку сүйлөшүүлөрү Женевада өтүп, бирок майнапсыз аяктаган.

Америкалык дипломат мунун себебин Орусия өзүнүн жаңы ракеталык системаларын талаптагыдай текшертүүдөн баш тартып жатканы менен түшүндүрдү.

Ал эми анын алдында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШны курал келишимдеринин системасын жок кылууну көздөөдө деп күнөөлөгөн.

Орто аралыктагы ядролук күчтөр боюнча макулдашууга мындан 32 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон.

АКШнын президенти Дональд Трамп расмий Вашингтон ракеталык келишимден чыга тургандыгын алгач былтыр 20-октябрда жарыялаганда мунун негизги себеби катары Орусия анын шарттарын такай бузуп келгенин айткан.

Трамп 17-январда Пентагондогу жыйында АКШнын ракетадан коргонуу боюнча узактан бери күтүлгөн жаңы саясатын жарыялаганы жатат.

XS
SM
MD
LG