Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

Кыргызстан - БАЭ: топ - тоголок, талаа - тегиз


Кыргызстандын курама командасын Филиппин менен болгон беттеште алга сүрөгөн футбол күйөрмандары. БАЭ, 16-январь, 2019-жыл
Кыргызстандын курама командасын Филиппин менен болгон беттеште алга сүрөгөн футбол күйөрмандары. БАЭ, 16-январь, 2019-жыл

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин курама командаларынын оюндарын, Интернеттеги ачык маалыматтарды, анын ичинде ФИФАнын рейтингин бир сыйра карап чыккандан кийинки ойлор.

Кыргызстандын Азия кубогунда өткөргөн оюндары:

Кыргызстан – Кытай: 1-2;

Кыргызстан - Түштүк Корея: 0-1;

Кыргызстан – Филиппин: 3-1.

ФИФАнын рейтинги:

Кыргызстан 91-орунда;

Кытай 76-орунда;

Түштүк Корея 53-орунда;

Филиппин 116-орунда.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Азия кубогунда өткөргөн оюндары:

БАЭ – Бахрейн: 1-1;

БАЭ – Индия: 2-0;

БАЭ – Таиланд: 1-1.

ФИФАнын рейтинги:

БАЭ 79-орунда;

Индия 97-орунда;

Бахрейн 113-орунда;

Таиланд 118-орунда.

ФИФАнын рейтинги, Кыргызстан менен БАЭнин оюндары

Эгер ФИФАнын рейтингине таянып айта турган болсок, БАЭ тайпалык оюндарда өзүнөн кыйла алсыз командалар менен беттешти. Бирок Индияны гана 2-0 эсебинде утса, Бахрейн жана Таиланд менен 1-1 эсебинде тең ойноду.

Башкача айтканда, 200 команда кирген рейтингде өзүнөн 18 баскыч төмөн турган Индияны гана утуп, ал эми 34 орун төмөн турган Бахрейн, 39 орун ылдый турган Таиланд менен бирдей эсепте беттеш өткөрдү.

Эми Кыргызстандын оюндарын жана ага атаандаш болгон командалардын ФИФАдагы рейтингдерин карайлы. Филиппинди эске албаганда, кыргыз футболчулары эки беттешинде өзүнөн күчтүүрөөк деп саналган командалар менен ойноду.

ФИФАнын баасы боюнча, Кытай 76-орунда, Түштүк Корея 53-орунда турат. Күчтүү командалар менен ойногонуна карабастан, “ак шумкарлардын” утулуусунда чоң эсеп айырмачылыгы болгон жок. Демек, кыргыз футболчулары Азия чемпионатында өзүнөн мыкты командалар менен ойноп, кандайдыр бир деңгээлде тажрыйба топтоп, алсыз жана артыкчылыктуу жактарын көрө алды десек болот.

Кайра эле ФИФАнын рейтингине таянсак, БАЭ курамасы Кытайдан үч, ал эми Түштүк Кореядан дээрлик 26 тепкичке төмөн турган команда. Ошол эле кезде БАЭ Кыргызстандан 11 тепкичке жогору турарын да эч унутпашыбыз керек.

Кыскартып айтканда, Кытай жана Түштүк Корея менен жетиштүү деңгээлде атаандаштыкта күч сынашып, кызык оюн өткөргөн кыргызстандык футболчулар БАЭ менен да кан кызыткан абалда беттешүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

Башка жагдайлар

Эң негизги маселе 21-январда Кыргызстан Бириккен Араб Эмирликтеринин футболчулары менен алардын мекенинде ойношот.

Демек, бул эки мамлекет үчүн тең катардагы оюн эмес. Адатта өз жеринде оюн ойноп жаткан команда атаандашын мүмкүн болушунча утууга аракет кылат.

Мындай учурларда команда (же мамлекет) оюндагы артыкчылыгын гана эмес, башка да таасир этүү ыкмаларын колдонууга аракет кылышы ыктымал. Маселен, атаандаш команданы колдоп-сүрөп, кыйкырып жаткан стадион толо күйөрмандардын сүрү да футболчулардын психологиялык абалына, оюндун жалпы атмосферасына, акыры келип беттештин жыйынтыгына таасир эткен учурлар жок эмес.

Эң башкысы - чемпионат өткөрүү, анда мүмкүн болушунча утуп чыгуу мамлекеттин намысы. Бул жагынан алганда Азия кубогу бай мамлекет -Бириккен Араб Эмирликтери үчүн чоң улуттук долбоор. Спорт эбак эле саясат да болуп калгандыгын эске алганда, оюн өткөрүп жаткан өлкө жеңишке жетүү үчүн башка да ыкмаларды, анын ичинде “көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрдү” да жүргүзүүгө аракеттениши мүмкүн.

Ал эми БАЭнин спортко, анын ичинде футболго бөлгөн акчасын бул жерде салыштырып отуруунун зарылчылыгы жок го.

Эске сала кетсек, Бириккен Араб Эмирлигинин футболчулары 1996-жылы да өз мекенинде Азия кубогун өткөрүп, 2-орунду алса, 2015-жылдагы Азия чемпионатында 3-орунга татыган.

Мен бул жерде ФИФАнын рейтингин, командалардын буга чейинки оюндарын, Интернеттеги ачык маалыматтарды гана карап, кыскача талдоо жүргүзүүгө аракет кылдым. Чындыгында жеңишти камсыздай турган, курама командалардын күчтүү же алсыз жактарын аныктай турган башка да ондогон негиздер бар экени шексиз. Андыктан башка футбол күйөрмандары жана адистери да Кыргызстан менен БАЭнин футболчуларынын, машыктыруучуларынын артыкчылык жана кемчиликтери тууралуу айтып, бул талкууга кошулат деп үмүттөнөм.

Жыйынтыктап айтканда, БАЭ курамасы - Филиппин эмес, бул оюн кыргыз футболчулары үчүн жеңил болбойт. Муну кыргыз командасы жана башкы машыктыруучу Александр Крестинин мыкты түшүнүп турат. Ошентсе да Кыргызстан менен БАЭнин футболчуларынын жалпы деңгээлинде өтө чоң айырмачылык жок. Топ - тоголок, талаа – тегиз.

Кыргызстандын Азия чемпионатынын кийинки баскычына өтүп калышын мекендештердин баары үмүт кылып жаткан чагы.

Эмне дейбиз, өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунда ойноп гана тим болбостон, 1/8 финалына чыгып, тарыхый сүртүмдөрдү жараткан Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын 21-январда Бириккен Араб Эмирликтеринин Абу Даби шаарында өтө турган кийинки оюнуна чын дилибизден ийгилик каалайбыз. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG