Парламенттеги Кыргызстан социал-демократтар фракциясы (КСДП) фракциясы бүгүн, 18-январда майыптардын укуктарын камсыздоо боюнча өкмөттүн маалыматын угат.
Фракциянын катчылыгынан билдиришкендей, жыйынга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү министрлик, мекемелердин жетекчилери чакырылган.
Кыргызстанда ушу тапта мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптар үчүн шарттын жоктугу негизги маселелердин бири.
Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер.