19-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында күндүз кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүңдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз 2...7,
Нарын аймагында түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24...-29, күндүз -5...-10 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 8…10 градус жылыйт.