Мындай чечимди Ош шаардык соту жакынкы күндөрү чыгарганын мекеменин коомчулук менен байланышуу кызматынан "Азаттыкка" билдиришти.
Маалыматка ылайык, соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тогуз жаштагы кызы үйдөн уруксатсыз кете бергени үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болгонун айткан.
Өткөн жылы 5-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кызын чынжыр менен тушап койгон жергиликтүү тургунга Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (“Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо”) менен иш козгогон.
Тергөө учурунда атасы кызы басанаак болгону үчүн коркутуп коюу максатында ушундай ишке барганын айтып берген.(MdN)