Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:21

Путин Косовону армияны “мыйзамсыз” түзгөнү үчүн айыптады


Владимир Путин Белграддагы басма сөз жыйында. 17-январь, 2019-жыл.

Орус президенти бул тууралуу Сербиянын борбору Белградда бул өлкөнүн президенти Александр Вучич менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында билдирди:

- Тилекке каршы, акыркы кездери Косовонун бийлигиб ир катар чагымчыл кадамдарга барды. Бул кырдаалды бир кыйла курчутту. Мен мында эң биринчи кезекте Косово тараптын Косовонун армиясы делгенди түзүү боюнча 14-декабрдагы жарыясын эске алып жатам. Бул Улуттар Уюмунун резолюциясын бузгандыкка жатат. Орусия Сербия жетекчилигинин жана жарандарынын камтамачылыгын толугу менен бөлүшөт жана Косово жетекчилигинин мындай жоопкерчиликсиз аракеттери Балканды дестабилдештирүүсү мүмкүн экенин түшүндүрөт, - деди Путин 17-январда кечинде өткөн басма сөз жыйында.

Косовонун парламенти 2500 адамдан турган коопсуздук күчтөрүн 5000 мүчөлүк улуттук армияга айлантып, курал менен жабдуу чечимин былтыр 14-декабрда кабыл алган.

АКШ Косовонун улуттук армия түзүү кадамын колдогон, бирок НАТО чечим “туура эмес убакытта” кабыл алынганын белгилеген.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы жоготкон. Косово болсо Сербиядан көз карандысыздыгын бир тараптуу түрдө 2008-жылы жарыялаган. Косовонун көз карандысыздыгын дүйнөнүн 110 мамлекети тааныган. (UE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG