Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-август, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:26

Тажикстанда кар көчкүдөн беш адам мерт болду


Тоолуу-Бадахшандын Дарвоз району. 18-январь, 2019-жыл.

Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетине шилтеме жасап кабарлады.

Маалыматка караганда, кар көчкүдөн Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда үч адам, Кыргызстанга чектеш Согди облусунда эки адам мерт болгон.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети көчкү жүрүп, таш кулагандан улам Дүйшөмбү-Хорог автожолунун айрым бөлүктөрү жабык турганын, автокыймыл Хорог-Ишкашим, Хорог-Мургаб жолдорунда да токтотулганын билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, Хорогдо кардын калыңдыгы 35 сантиметрге жетти.

Акыркы күндөрү Тажикстандын борборун Согди облусу менен байланыштырган Дүйшөмбү-Чанак автожолунда 11 жолу кар көчкү түшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG