Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:41

Токмокто катуу шамал чатырларды учуруп кетти


Токмок шаарында 18-январь күнү болгон катуу шамал турак жайлардын чатырын учуруп кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, түшкү саат бирге жакын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал сокту. Анын алдында аталган министрлик бороон тууралуу элге эскертүү жасаган.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, Шамшы көчөсүндө жайгашкан №36 көп кабаттуу турак үйдүн 450м2 темир чатырын шамал учуруп, эки турак үйдүн үстүнө бак кулаган. Ден соолугунан жабыркагандар жана курмандыктар жок.

Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG