Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Колумбияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды


Боготанын жарылуу болгон аймагы. 17-январь, 2019-жыл.
Боготанын жарылуу болгон аймагы. 17-январь, 2019-жыл.

Өлкө борбору Боготада полиция академиясын жардырууда набыт болгондор кеминде 21 кишиге жетти, дагы 70тей адам жаракат алды.

Бул 16 жылдан берки эң кандуу кылмыш экени белгиленди.

17-январда Боготода полиция академиясына кире бериште автоунаа текшерүү үчүн токтотулган, бирок айдоочу буга баш бербей, дубалды сүзгөндөн кийин автоунаа жарылган. Машинада 80 килограмм жарылма зат - пентолит болгону аныкталды.

Рулда 57 жаштагы Хосе Альдемар Рохас Родригес аттуу адам отурганы, ал буга чейин полициянын көз кырына илинбегени такталды. Кыянатчылык үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Жарылуу болгон жерге келген өлкө президенти Иван Дуке инцидентти "тиришумдук теракт" деп атап, ал жаштарды эле эмес, полицияны, бүтүндөй коомду бутага алганын белгиледи. (MTO/UE)

XS
SM
MD
LG