Немис тышкы иштер министри Хейко Маас мындай чакырыкты бүгүн Москвадан жасады.
Ал Орусияны "орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди бузат" деп айтылып жаткан ракеталарын жок кылууга үндөдү.
Өз кезегинде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров немис тышкы саясий мекеме башчысынын чакырыгына жооп кайтарып, Орусия келишимди бузуп жатат деген айыптоолорду четке какты.
Орусиянын 9М729 деп аталган ракеталык системаларды жасаганын АКШ "кансыз согуш" доорунан калган келишимди бузуу деп эсептейт.
Бул маселе боюнча эки өлкө дипломаттарынын соңку сүйлөшүүлөрү 15-январда өтүп, бирок майнапсыз аяктаган.
Мамлекеттик катчынын соңку сүйлөшүүлөргө америкалык делегацияны баштап келген орун басары Андреа Томсон Вашингтон Орусияга келишимге шайкеш келбеген ракеталык системаларын көзөмөл астында жок кылууну сунуш кылганын, бирок Москва буга көнбөгөнүн билдирген.
Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 32 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.
Вашингтон келишимдин шарттарын бузуп жатканы үчүн Москваны 2014-жылдан бери ачык айыптап келген.
Өткөн айдын башында АКШ эгер Орусия келишим талаптарын алтымыш күн ичинде аткарбаса, өз милдеттенмелерин токтото турганын, башкача айтканда андан чыга турганын расмий маалымдаган. Бул мөөнөт 2-февралда келет. (UE)