“Хьюман Райтс Уотч” эл аралык уюму расмий Бээжинди адам укуктарынын дүйнөдөгү абалы боюнча жаңы жылдык баяндамасында сынга алды.
“Кытайдын өкмөтү түндүк-батыштагы Шинжаң аймагында 13 миллион түрк мусулманга каршы репрессияларын кескин күчөттү. Бийлик массалык кармоолорду, кыйноону, катаал мамилени колдонуп жатат. Бир миллиондой түрк мусулмандар белгисиз мөөнөткө саясий тарбия лагерлеринде кармалып, ал жерлерде кытай тилин үйрөнүүгө, өкмөттү жана Коммунисттик партияны мактоого мажбурланууда. Камак жайлардын тышында бийлик кыймыл-аракетти чектеп, бир миллиондон ашуун кызмат адамын тургундарга алардын үйүндө такай калтыруу менен байкоо жүргүзүүдө”,- деп айтылат “Хьюман Райтс Уотчтун” баяндамасында.
“Эгер мындай ишти башка мамлекеттин кимиси болбосун жасаса, кыжыр кайнатарлык болмок. Бирок Кытай экономикалык таасиринен улам абалдан чыгып кетүүдө”, - деди уюмдун аткаруучу директору Кеннет Рот.
Ал эми “Хьюман Райтс Уотчтун” Кытай боюнча директору Софие Ричардсон президент “Си Цзинпиндин тушунда Кытай адам укуктарына өлкөнүн ичинде да, четте да коркунуч туудуруп жатканын”,- белгиледи.
Кытай расмийлери Шинжаңда адамдардын алар “окуу борборлору”, “тарбия лагерлери” деп атаган жайларга жөнөтүлүшүн “терроризмдин, экстремизмдин” алдын алуу деп түшүндүрүп келет.
Коңшу Казакстанда Кытайдан көчүп келген оралмандар Шинжаңда камакка түшкөн жакындарынын дайын-дарегин билүүгө бийликти жардам берүүгө чакырган акцияларга былтыркы жылдын башынан бери тынбай чыгып турса, Кытайдын бул аймагында жашаган кыргыздар да камакка алынганы тууралуу маалыматтар өткөн жылдын акыркы айларынан тарта пайда болгон. (UE)