Ош облусунда 2018-жылы 3400 бала эмделген эмес. Ал эми быйыл жыл башынан бери эле облуста 250 ата-эне баласын оор илдеттерге каршы эмдетүүдөн баш тартышкан.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусундагы өкүлү Адыл Алимкулов билдирди.
Анын айтымында, андай ата-энелердин басымдуу бөлүгү эмдөөдөн диний көз карашынан улам баш тартып жатышат. Ошону менен катар эмдөөнүн таасиринен чочулагандар да бар.
18-январда Ош шаарында эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу түшүндүрмө берген жыйын өткөрүлдү. Ага Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунан жана Ош шаарынан диний ишмерлер, медицина кызматкерлери, иммунолог дарыгерлер катышты.
Саламаттыкты сактоо министрлиги кызамык, көк жөтөл сыяктуу оорулар эмдөөнүн жардамы менен азайып баратканын, бирок соңку жылдары баш тарткандардын айынан бул жугуштуу илдеттер көп жайыла баштаганын айтууда. Былтыр кызамык менен ооруган бир кыз чарчап калгандан кийин ата-энелер өзүлөрү бейтапканаларга келип, балдарын эмдете баштаганы да айтылган. (MdN)