Дүйнөдөгү бардык православдар сыяктуу бүгүн бул диний багыттын Кыргызстанда жашаган өкүлдөрү да Ыйык Чокунуу майрамын белгилеп жатышат.
Таң эрте Караколдо чиркөө кызматкерлери каалоочуларды сууга түшүрүп, чокунтуу жөрөлгөсүн өткөрүштү.
Майрамдын катышуучулары шаардын ортосунан агып өткөн Каракол сайына барып сууга түшүп, андан соң көтөрө барган идиштерине суу алышты.
Ыйык Троицк чиркөөсүнүн башчысы Сергей Чувичкин бардык православ христиандарды майрамы менен куттуктап, суудай аруулукту, тазалыкты жалпы адамзатка тилеп өттү. (AsM)