Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Майлуу-Сууда жолго таш кулоо коркунучу жоюлду


Жолду таштан тазалоо иштери жүрүүдө. 19.01.2019
Жолду таштан тазалоо иштери жүрүүдө. 19.01.2019

Жалал-Абадда Майлуу-Суу – Сары-Бээ автоунаа жолуна кулап түшүү коркунучу жаралган аскадагы таш толугу менен тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

17-январда аталган ички чарбалык унаа жолунун тилкесинде 50 куб метрлик ташты жардыруу иш-чаралары башталган. Натыйжада эки күн аралыгында 120 куб метр көлөмүндөгү таш түшүрүлүп, коркунуч жоюлду.

2017-жылдын жаз айларында ушул жол тилкесине көлөмү 5 миллион куб метрлик жер көчкү түшүп, автоунаа жолун жаап калган. Мындан улам өкмөт 800 метрлик жаңы жол курууга 22 млн сом керек экенин аныктаган. Азырынча 10 млн сомдук жол куруу жумуштары аткарылды. Калган каражат которула элек.

2018-жылдын май айында жарым-жартылай бүткөн унаа жолу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусунда расмий түрдө ачылып, пайдаланууга берилген.

Сары-Бээ айылында 3 миңден ашык адам жашайт. Жол боюндагы аска унааларды басып калуу коркунучунда турганын буга чейин шаар мэри “Азаттыкка” айтып, тийиштүү жетекчилер жумушун аткарбай жатканын билдирген. (RsK)

XS
SM
MD
LG