Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:59

АКШнын аскердик кемеси Кара деңизге баратат


"Donald Cook" кемеси.
"Donald Cook" кемеси.

АКШнын "Donald Cook" аскердик кемеси Кара деңизди көздөй баратат. Өлкөнүн Аскер-деңиз флотунун маалыматына караганда, кеме “коопсуздукту камсыз кылуу жана аймактагы НАТО боюнча өнөктөштөр менен туруктуулукту бекемдөө” максатында жөнөтүлдү.

Канаттуу ракеталар менен жабдылган "Arleigh Burke" классындагы кеме Кара деңизге Дарданелла кысыгы аркылуу барары айтылды, бирок кайсы күнү жетери тууралуу маалымат берилген жок.

ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигинин Көзөмөл борбору америкалык кеменин жүрүшүнө көз сала баштаганын кабарлады.

Эл аралык келишимдер боюнча, кеме Кара деңизде 21 күндөн ашык калууга укугу жок.

Бул аймакта абал былтыр 25-ноябрда курчуган. Кара жана Азов деңиздери кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия”, Орусия “чагым” деп баалаган.

Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган. (RK)

 

XS
SM
MD
LG