Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

"UWC Robert Bosch" мектеби кыргызстандык дагы бир окуучуну тандап алды

Сезим Чынкожоева.
Сезим Чынкожоева.

Германиядагы "UWC Robert Bosch" мектеби 2019-жылга кыргызстандык бир окуучуну кабыл алды.

10-11-класста окуу мүмкүнчүлүгүн алыш үчүн ноябрь айынан бери 110 бала документ тапшырып, ат салышкан.

Натыйжада эң күчтүү деген 18 окуучу финалга чыгып, арасынан Токмоктогу “Сапат” лицейинин 10-классынын окуучусу Сезим Чынкожоева тандалды.

Сезим сентябрдан тарта "UWC Robert Bosch" мектебинде билим алат. Ал Кыргызстандан бул окуу жайынан окуган экинчи окуучу болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG