Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Нарында оор жүк ташуучу автоунаа турак үйдү сүздү


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Нарын шаарында оор жүк ташуучу автоунаа турак үйдүн дубалын сүзүп, ичине чейин кирип кетти.

Үйдүн ээси Турат Дүйшөбаевдин айтымында, окуя жекшембиге караган түнү болгон. Ошол кезде ал үй-бүлөсү менен сыналгы көрүп отурган.

- "Тарс" деген үн чыкканда коркуп кеттик, - деди ал. - Балдарым менен төшөккө башыбызды катып, чүмкөнүп жатып калдык. Электр жарыгы да өчтү. Эшикке чыксам фура үйдү сүзүптүр. Айдоочусу "мени чыгаргыла, бутум кыпчылып калды" деп кыйкырып жатыптыр. Бир аздан кийин куткаруучулар, "Тез жардам" жана жол кайгуул кызматы келди. Айдоочуну чыгарып алып кетишти.

Бул окуя боюнча азырынча жол кыймылын тескөө бөлүмү маалымат бере элек.

Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу Бишкек шаарынан Торугартка кетип бараткан. Ал эки күн бою уйку көрбөгөндүктөн уктап кеткени айтылууда.

Үйдүн тургундары жабыркаган жок. (MiK)

XS
SM
MD
LG