Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Крестинин: БАЭ менен ойногондо күйөрмандардын колдоосуна муктаж болобуз


Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен болчу оюнда команда күйөрмандардын колдоосуна муктаж экенин билдирди. Кыргыз футболчулары Азия кубогунун финалынын 1/8 бөлүгүндө үй ээси - БАЭнин курама командасы менен 21-январда, Абу-Даби шаарындагы «Шейх Зайед» стадионунда беттешет.

Бүгүнкү басма сөз жыйынында Александр Крестинин Кыргызстандын күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди:

- Биз үй ээси БАЭнин курама командасы менен ойнойбуз. Баарыбызга белгилүү, 2015-жылы өз үйүндө ойногон Австралия Азия кубогун жеңип алган. Бирок мелдеш өткөргөн өлкө сөзсүз түрдө кубокту утат же дүйнө, Европа чемпионаттарында чемпион болот деген эч кандай кепилдик жок. Ооба, өз оюн талаасы, күйөрмандарынын колдоосу сөзсүз түрдө Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасына жардам берет. Бирок биздин да күйөрмандар бар. Аларга ыраазычылык билдиргим келет. Алардын колдоосу биздин жеңишке жетишибизге жакшы жардам берет.

Башкы машыктыруучу БАЭнин командасы күчтүү атаандаш экенин айтып, алардын оюндарын кунт коюп карап чыкканын да кошумчалады.

- Бириккен Араб Эмираттарынын машыктыруучусунун тактикасы башкача. Менин тактикам - чабуул менен коргонуудагы балансты сактоо. Бул эң башкысы. Чабуулда жакшы ойноп, жеңишке жетүүгө аракет кылабыз. Атаандашыбыз оңой эмес, күчтүү команда. Бирок биз өзүбүзгө ишенебиз. Эртең баарын таң калтырабыз, - деди Александр Крестинин.

Кыргызстан менен БАЭнин курама командаларынын оюну 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталат.​ GT

XS
SM
MD
LG