Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Демократтар Трамптын жаңы сунуштарын да жактырбай жатышат


Ненси Пэлоси.
Ненси Пэлоси.

АКШда демократтар президент Дональд Трамптын федералдык өкмөттүн ишин каржылоо боюнча айткан сунуштарын кабыл албай коюшту. Алар маселе кийинки аптада Сенатта каралып жатканда каршы добуш берүүгө убада берип жатышат. Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Трамптын сунуштарын ылайыксыз деп баалады.

Буга чейин Трамп мигранттарга каршы дубал орнотуу маселеси боюнча жаңы сунушун айткан. Өз сөзүндө ал федералдык бюджеттен дубал курууга каршы чыгып жаткан демократтарга кайрылып, бир пикирге келүүгө үндөгөн:

- Учурда бардыгы биздин түштүк чек арабыз гуманитардык кризиске айланганын билет. Бул ошондой эле улуттук коопсуздук кризиси. Ал жерде маселе көптөгөн жылдардан бери топтолуп келген. Убакыт өткөн сайын абал ого бетер курчуп баратат. Себеби бизге келүүнү каалагандар көп жана бизге кереги жок адамдар да көп. Кылмышкерлердин, киши сатуучулардын, баңгизат ташыгандардын биздин өлкөгө кереги жок. Келгиле, иштей баштайлы. Келишели. Көптөгөн демократтар мени менен макул, бирок ачык айткандан коркуп жатышат. Түштүк чек арабызды коргошубуз керек.

Трамп АКШга мыйзамсыз көчүрүлүп келген балдарды юридикалык камкордукка алууну сунуш кылган. Экинчиден, ал Мексика менен 3145 чакырымдык чек ара тилкесинин баарына эмес, 370 чакырымына гана тосмо коюп, АКШнын Чек ара-бажы кызматына кошумча 2750 жаңы кызматкер алыш керек экенин айткан.

Трамп өлкөнүн түштүк чек арасына дубал куруш үчүн Конгресстен беш миллиарддан ашык доллар сураган. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар буга макул болгон эмес. Ушундан улам федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG