Азия чемпионатындагы Кыргызстандын курама командасынын тайпалык оюндардагы жеңиши дүйнөнүн бир катар басылмаларына жарыяланды. ФИФАнын расмий веб-сайтынын башкы бетине «Кыргызстандын футболчулары тарыхта из калтырып, келечегин ачууда» аттуу макала чыкты.
Ал эми Катарда басылган «Gulf Times» гезити кыргыз курамасынын өкүлү Виталий Люксту «Азия чемпионатындагы жигиттин гүлү» деп атап, анын мүнөзү жана келечеги тууралуу жазды.
Индияда, Бангладеште, Африкада, Филиппиндерде жарык көргөн бир нече англис тилдүү басылмалар да кыргыз футболчулары тууралуу баяндамаларын жарыялашты. Маселен, Нигерияда чыккан «Vanguard» гезити «Мууздалган эчкини ары-бери ыргытып ойногон кыргызстандыктар Азия чемпионатын таң калтырды» деген тема кыргызстандык футболчуларынын оюндарын талдаган. Макалаларга серепти бул жерден окуңуз.
Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталган Азия биринчилиги 1-февралда аяктайт.
Пикирлерди көрүңүз (3)
дагы пикирлерди жүктөө