Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгечи топ түзүлдү


Баш мыйзам.
Баш мыйзам.

Кыргызстандагы коомдук-саясий жана мекенчил күчтөр өздөрү иштеп чыккан "Референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн 12 кишиден турган демилгечи топ түздү. Аны жарандык активист Айбек Бусурманкулов жетектейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчы жана коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, бир жумалык талкуудан кийин долбоорго кирген жети суроонун үчөө кыскартылды.

- "Конституциялык реформа керекпи, мамлекеттик башкаруунун кайсы түрүн колдойсуң, парламенттикпи же президенттикпи" деген, "Элдик курултай институтун элдик бийлик катары киргизүү жана Жогорку Кеңештин депутаттарын кандай шайлоо системасы менен шайланышын колдойсуң" деген төрт суроо калды.

Буга чейин долбоорго кирген расмий тил институтун жоюу, облустарды жоюп, райондорду, айыл аймактарын ирилештирүү жана шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын шайлоо боюнча суроолор алынып салынды.

Бекназаров демилгечи топ ушул жумада мыйзам долбоорун Юстиция министрлигине тапшыра турганын кошумчалады. Долбоор каттоого алынса кол топтоо башталат. 10 миң кол топтолгон соң референдум дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке тапшырылат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG