Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Адвокат: Уиландын жанынан купуя маалыматтар табылган


Пол Уилан.

Орусияда тыңчылык боюнча шек саналып жаткан америкалык жаран Пол Уиланды кармаганда жанынан мамлекеттик сырдуу маалыматтар табылган. Бул тууралуу адвокат Михаил Жеребенковго шилтеме кылып "Интерфакс" агенттиги кабарлады. Сотто Уиландын кызыкчылыгын коргогон адвокаттын айтымында, купуя маалыматтар ага кантип түшкөнү, өзү ал тууралуу билип-билбегени белгисиз.

22-январда Москва шаарынын соту америкалык жарандын аны камакка алууга каршы арызын кароодо. Сотту утурлай АКШнын Москвадагы элчилиги консулдун Уилан менен жолугуша албаганына кабатырлыгын билдирди.

АКШ армиясынын мурдагы жоокери былтыр 28-декабрда Москвада кармалган. Федералдык Коопсуздук кызматы ал тыңчылык кылган деп шектенүүдө. Уилан өзү дооматтарды четке кагып жатат.

Орусиялык айрым аткаминерлер аны АКШда кармалган орусиялыктар Виктор Бут менен Мария Бутинага айрыбаштаса болоорун айтышууда. Бирок орус тышкы иштер министри Сергей Лавров андай мүмкүнчүлктү четке какты.

XS
SM
MD
LG