Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

Азербайжанда блогер Гусейновго каршы жаңы иш кыскартылды


Азербайжан бийлиги блогер Мехман Гусейновго каршы козголгон жаңы ишти кыскартты. Бул тууралуу 22-январда Башкы прокуратуранын маалымат бөлүмү кабарлады. Жаңы иш боюнча айып тагылса, блогер 7 жылга чейин кесилиши мүмкүн эле.

Коррупция менен күрөшкөн Гусейновго өткөн айда, абактан чыгууга аз калганда "бийлик өкүлдөрүнө каршылык көргөзгөн" деген жаңы айып коюлган. Ал буга чейин "жалган жала жабуу" деген айып менен эки жылга кесилген. Өзү жана тарапкерлери муну саясий иш деп эсептешет.

Камалаарда Гусейнов жогорку даражалуу аткаминерлерге жана депутаттарга таандык кымбат турак жайлардын сүрөттөрүн Интертентке жайгаштырган. Ал ошондой эле президент Илхам Алиевдин жубайы Мехрибандын вице-президенттикке дайындалышына каршы чыгып жүргөн.

Блогерди бошотууну талап кылган бир нече активист ачкачылык баштаган. 19-январда Баку шаарында Гусейновду жана башка “саясий туткундарды” бошотуу талабы менен нааразылык акциясы өткөн. Укук коргоочулар жана Батыш өлкөлөрү көп жылдан бери азери бийлигин саясий туткундарды бошотууга үндөп келатышат.

XS
SM
MD
LG