Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Тимошенко президенттикке ат салышарын жарыялады


Юлия Тимошенко
Юлия Тимошенко

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко президенттикке ат салышуу ниетин билдирди. Ал жетектеген "Батькивщина" партиясынын Киевдеги курултайында шейшембиде делегаттардын бардыгы талапкеригин колдошту. Тимошенко мурда кетирген каталары үчүн кечирим сурады жана Кремль менен эч кандай байланышы жок экенин айтты. Саясатчы Донбасстагы жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарды Украинага кайтарууга убада берди.

Сурамжылоолорго караганда, 2004-жылы ошол маалда президенттикке талапкер болгон Виктор Ющенко менен Саргылт революциянын башында турган 58 жаштагы Тимошенко мартка белгиленген ат салыштын лидери саналууда.

Юшенконун жеңишинен кийин өкмөт башчылыкка дайындалган Тимошенко тогуз айдан кийин кызматтан алынган. 2007-2010-жылдар аралыгында кайрадан премьер болгон. 2011-жылы Виктор Януковичтин тушунда паракорлукка айыпталып жети жылга абакка кесилген жана 2014-жылы Янукович бийликтен кулатылганда бошотулган.

XS
SM
MD
LG