Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Азия кубогу: чейрек финалдын жуптары аныкталды


Австралиянын күйөрмандары.

Кечээ түндө Азия кубогундагы финалдын 1/8 бөлүгүндөгү оюндарынын акыркылары жыйынтыкталды. Анда Бахрейн менен Түштүк Корея ойноп, бахрейндиктер 2:1 эсебинде жеңилип, чемпионат менен кош айтышты.

Катар менен Ирак чейрек финалга калган акыркы жолдомону талашып, Катар 1:0 менен Иракты утуп алды.

Натыйжада чейрек финалда төмөнкү жуптар ойнойт:

Вьетнам – Жапония

Кытай – Иран

Түштүк Корея – Катар

БАЭ – Австралия

Оюндар 24-25-январь күндөрү өтөт. Түгөйлөрдүн жеңүүчүлөрү жарым финалга жолдомо алса, жеңилгендер кубоктон четтейт.

Азия кубогу быйыл Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жатат. Чемпионат 1-февралда жыйынтыкталат. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG