Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Футболчуларды тосуп алуу иш-чарасы Ала-Тоо аянтында өтөт


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы.

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогуна катышкан Кыргызстандын футбол командасын тосуп алуу салтанаты Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Буга чейин футболчулар 24-январда таң атпай Бишкекке келери айтылган, бирок өкмөт күйөрмандар менен футболчулардын жолугушуусу расмий салтанат менен өтөрүн кабарлады.

Иш-чара 24-январда түшкү саат 15:00дө башталып, бийликтен да жогорку өкүлдөрдүн келиши күтүлүп жатат. Футболчуларды тосуп алуу салтанаты шоу-концерт менен коштолот.

21-январда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен Азия кубогунун алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндө ойноду. Бул беттеш 2:3 эсебинде БАЭнин жеңиши менен аяктап, Кыргызстан кубоктон четтеген. Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. (SDz)

XS
SM
MD
LG