Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Прокурордун өлүмүнө шектүүнүн жакындары cотторго нааразы


Маркум Анарбай Мамажакыпов менен акыркы ирет сүрөткө түшкөндөр.
Маркум Анарбай Мамажакыпов менен акыркы ирет сүрөткө түшкөндөр.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шек саналып жаткан Мелис Калыковдун эжеси Дарика Калыкова сот отурумдарында айыпталуучу тараптын укуктары сакталбай жатканын айтып чыкты.

Анын айтымында, 22-январда Баткен райондук соттук отурумуна шектүүнүн жактоочулары катышкан жок. Анткени, соттук отурум боюнча маалымдама кагаз Мелис Калыковдун жактоочусуна эрте берилген эмес. Мелис Калыковдун эжеси Дарика Калыкова соттордон мыйзамды сактоону талып кылып, жакында нааразылык акциясына чыга турганын кошумчалады.

Дарика Калыкованын дооматы боюнча Баткен райондук сотунан маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Буга чейин да Баткен райондук сотунда Мелис Калыковдун арызы 15-январда анын катышуусуз каралганын жакындары айтып чыгышкан. Бирок Баткен облустук соту бул айтылгандарды четке каккан.

Мелис Калыковдун адвокаты былтыр 17-ноябрда, прокурор өлтүрүлгөн күнү шектүүнү кармоо мыйзамсыз болгонун жана анын жактоочуга болгон укугу чектелгенин айтып, сотко арыз жазган.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (TSh)

XS
SM
MD
LG