Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Ооганстанда америкалык аскер окко учканы кабарланды


Ооганстандагы америкалык аскерлер.
Ооганстандагы америкалык аскерлер.

АКШ аскерлери Ооганстанда 22-январда душмандын огунан бир америкалык жоокер мерт болгонун билдиришти. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Каза болгон жоокердин тек-жайы, кайсыл бөлүктө кызмат кылганы айтыла элек. Бул маалыматтар анын өлүмү тууралуу үй-бүлөсүнө кабарлангандан кийин гана жарыяланат.

Бир күн мурда, 21-январда «Талибандын» согушкерлери Ооганстандын Майдан Вардак провинциясынын борбору Майдан Шахр шаарындагы аскердик базага кол салган. Андан 65 адам көз жумганы маалымдалды. Баштапкы кабарларга ылайык, оболу аскердик базанын кире беришинде жанкечти бомбага шыкалган автоунааны жардырган. Андан соң базага кеминде үч согушкер чабуул койгон.

XS
SM
MD
LG