Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

Жаңы кодекстерди ишке киргизүүгө 300 млн. сом каралган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы кодекстерди ишке киргизүүгө жана даярдоого бюджеттен 300 млн. сом каралган.

Бул тууралуу бүгүн, 23-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, 1-январдан тартып беш кодекс жана эки мыйзам ишке киргизилип, бөлүнгөн каражатка тийиштүү кеңсе техникасы менен жабдуу сатылып алынып, кылмыштардын, жоруктардын, тартип бузуунун бирдиктүү реестрлери түзүлдү. Мындан сырткары кызматкерлер атайын окутуудан өткөрүлгөн.

Жогорку Кеӊеш сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы мыйзам жана кодекстер тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Жыйынга вице-премьер-министрлер Жеӊиш Разаков менен Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

22-январда тармактык комитеттердин биргелешкен жыйынында депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жыйынга келбегенин сынга алышкан.

Ушул жылдан тартып "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар, Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекстер иштей баштаган.

Коомчулуктун нааразылыгынан улам өкмөт жол эрежесин бузуунун айрым түрлөрүнө, көчөдө түкүргөндөргө салынган айыппулдардын өлчөмүн азайтуу боюнча Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуш кылды.

Эл өкүлдөрү кодекстер боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштери жакшы жүрбөгөнүн сынга алып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG