Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Жамалдинов: кодекстерди кабыл алуу боюнча президенттик администрациядан тапшырма түшкөн


Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

Жаңы кодекстерди тез арада кабыл алуу боюнча президенттик администрациядан тапшырма түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда парламент жыйынында жаңы кабыл алынып, 1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстер менен мыйзамдарды талкуулаган учурда депутат Зиядин Жамалдинов билдирди. Ал “буга чейин да "президент айтты" деп эки-үч окууда дароо кабыл алган бир топ мыйзамдар” болгонун айтты. Эл өкүлү азыркы болуп жаткан кырдаалга депутаттар, өкмөт, жумушчу топ баш болуп баары күнөөлүү деп эсептейт.

- "Президент айтты" деп бир күндө эле беш кодексти кабыл алып берип жатабыз, - деди ал. - Эми талкуулап, тескерисинче болуп жатат. Ошондо ушундай кылып эки күн талкуулаганда кээ бир мыйзамдарга өзгөртүү киргизип койсок болот эле. Азыр бири-бирибизге шылтап, эми уят болуп жатабыз. Бул бизге сабак болушу керек. Мындай мыйзамдар көп кабыл алынган. "Жогорку жактан президент айтты" деп бир кабыл алганда эки-үч окууда кабыл алынды. Мында ошол мезгилде да президенттик администрациядан түшкөн, "тез арада кабыл алып бергиле, ушул мыйзамды" деп. Муну ачык айталы да!

Жогорку Кеңеш 1-январдан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, тиешелүү мекеме, министрликтердин башчылары жана кодекстерди иштеп чыккан эксперттик топтун мүчөлөрү катышууда.

Ушул жылдан тартып "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар, Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс иштей баштаган. Анын айрым нормалары коомчулукта кызуу талкууланып, өкмөт бир катар мүчүлүштүктөр кеткенин мойнуна алган. Айрым беренелер кайра каралып чыга турганын бийлик башчылары да айтышкан.

Президенттин басма сөз катчысы Жогорку Кеңеш ушул жылдын 1-январдан тартып күчүнө кирген беш кодекс менен эки мыйзамды 2016-жылы эле кабыл алганын айтты. Эки жыл ичинде өкмөт анын ишке ашырылышын камсыз кылып, андагы кемчиликтерди оңдошу керек болчу. Президенттин басма сөз кызматы “Азаттыкка” азыркы президенттик аппараттан мыйзамдарды кабыл алуу боюнча тапшырма түшпөгөнүн билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG