Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Катарда Халилзад “Талибандын” өкүлдөрү менен жолугат


АКШнын Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча чабарманы Залмай Халилзад. 18-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча чабарманы Залмай Халилзад. 18-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча чабарманы Залмай Халилзад ушул аптада Катарда “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен жолугарын Вашингтон ырастады.

Мамлекеттик департамент 22-январда Доха шаарында Халилзад “Талибандын" өкүлдөрү менен кездешкенин билдирди. Тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысынын айтымында, эки күндөн бери өтүп жаткан сүйлөшүүлөргө Кошмо Штаттардын “мекеме аралык тобу” да катышып жатат.

“Талибан” кыймылынын басма сөз катчысы Забиулла Мужахиддин “Ооган Ислам басылмасына” жарыялаган билдирүүсүндө Халилзад менен "Талибандын” өкүлдөрү 21-январдан бери Дохада сүйлөшүп жатканы айтылат.

Кабул өкмөтү Дохада өтүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу дароо маалымат берген жок.

Ооган президенти Ашраф Гани "Талибан" тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кошулуп, Кабул өкмөтүн таанып, мыйзам үстөмдүгүнө көнсө, кыймылды саясий жараянга аралаштырууну сунуш кылган. Бирок "Талибан" сунушка сыртын салып, "сүйлөшүү үчүн адегенде өлкөдөн чет элдик күчтөр кетиши керек" деген мурдагы шартын кайталады.

Батыш өлкөлөрү колдогон Кабул өкмөтү 2014-жылы ооган жергесинен НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин өлкөдөгү “Талибан” баштаган куралдуу топтордун мизин кайтара албай, согуш жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG