Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

АКШ: Чалгын кызматтары сырттан келчү коркунучту эскертишти


АКШнын Улуттук чалгын мекемесинин башчысы Дэн Коутс. 6-март, 2018-жыл.
АКШнын Улуттук чалгын мекемесинин башчысы Дэн Коутс. 6-март, 2018-жыл.

22-январда Вашингтондо жарыяланган АКШнын чалгын кызматтарынын биргелешкен баяндамасында Орусиядан, Кытайдан жана Түндүк Кореядан келчү коркунучтар тууралуу айтылат.

Орусиянын өз таасирин кеңейтүү аракети жана Кытайдын куралдуу күчтөрүн модернизациялап жатканы Кошмо Штаттар кабылып жаткан “ар кандай коркунучтардын” түрүнө кирери эскертилет.

Улуттук чалгын стратегиясы боюнча баяндамада айтылгандай, Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасынан, АКШнын каршылаштарынын кибермүмкүнчүлүктөрү артып баратканынан жана дүйнөдө саясий олку-солку кырдаалдан улам ар кандай коркунучтар жаралууда.

Кошмо Штаттардын 17 чалгын кызматы биргелешип жарыялаган баяндамада өлкөнүн алдыдагы төрт жылдык стратегиялык багыты көрсөтүлгөн.

АКШнын Улуттук чалгын мекемесинин башчысы Дэн Коутс баяндаманы коштогон катында Кошмо Штаттардын чалгын кызматтары “олку-солку жана кыйчалыш” жагдайга туруштук бериш үчүн ага ыңгайлашуу зарыл экени баса белгилеген.

Вашингтондун баяндамасында жогорудагы коркунучтардын деңгээли канчалык экени көрсөтүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG