Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:57

Циркте иштегендер акциясын Өкмөт Үйүнүн алдында улантышты


Мамлекеттик цирктин кызматкерлеринин Өкмөт Үйүнүн алдындагы акциясы. 23-январь, 2019-жыл.
Мамлекеттик цирктин кызматкерлеринин Өкмөт Үйүнүн алдындагы акциясы. 23-январь, 2019-жыл.

Мамлекеттик циркте эмгектенген артисттер, труппа жетекчилери 23-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы акцияны андан ары Өкмөт Үйүнүн алдында улантышты. Алар буга чейин алган мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарын, грамоталарын көтөрүп келип, аларды "мамлекетке кайра тапшырабыз" деп тепкичке тизип коюшту. Бул тууралуу “Азаттыкка” цирктеги “Жаш Кыргызстан” труппасынын жетекчиси Данияр Бөлөкбаев кабарлап, министрликтен аларга эч ким чыгып жолукпаганын билдирди.

Анын алдында циркте эмгектенген 30дан ашуун артист, труппа жетекчилери иштен кетүүгө арыз жазганын билдиришкен.

Алар министр "үч күн ичинде циркке жетекчи дайындоого убада бергенин", үчүнчү күн болгонуна карабай эч кандай маалымат жок экенин айтышты.

Аптанын башында Мамлекеттик цирктин 20дай кызматкери Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык иретинде оюн-зоок уюштурушкан. Алар эки айга жакын убактан бери жетекчи дайындалбай жатканына, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов цирктин жамааты сунуш кылган Аида Акматованын талапкерлигине каршы болуп жатканына нааразы экенин белгилешкен.

Министр Жаманкулов цирк жетекчилигине көрсөтүлгөн талапкерлердин программа-концепциясы каралып жатканын, мекемеге мыкты менежер барышы керек экенин айткан.

Циркти буга чейин 2004-жылдан бери жетектеп келген директор Курмангазы Исанаев өткөн жылдын соңунда чыгармачыл жамааттын нааразылыгынан улам жумуштан кеткен. (КЕ\SE)

XS
SM
MD
LG