Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Кыргызстан "ак шумкарларды" тосуп алды


Чабуулчу Виталий Люкс.
Чабуулчу Виталий Люкс.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн таңда Бишкекке учуп келди. «Ак шумкарларды» «Манас» аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрү жана көптөгөн күйөрмандар тосуп алды.

Кубатбек Боронов өз сөзүндө футболчулар турнирде мыкты оюн көрсөткөнүн белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Ал эми курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жүздөгөн кыргызстандыктардын тосуп алууга келгени күтүүсүз жагымдуу жагдай болгонун айтты.

- Кутман таң. Чынын айтканда мынча элдин келгени күтүүсүз болду. Жалпы өлкө боюнча ушундай колдоо болгону биз үчүн жагымдуу. Биз өткөргөн оюндарда кыргызстандыктардын колдоосун сездик, - деди Крестинин.

Футболчуларды тосуп алуу боюнча расмий иш-чара саат 15:00дө Ала-Тоо аянтында уланат. Ага бийлик өкүлдөрүнүн келиши күтүлүп жатат. Иш-чара шоу-концерт менен коштолот.

21-январда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен Азия кубогунун алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндө ойноду. Бул беттеш 2:3 эсебинде БАЭнин жеңиши менен аяктап, Кыргызстан кубоктон четтеген.

Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. (SDz)

XS
SM
MD
LG