Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Түркмөнстан чет өлкөгө китеп жөнөтүү тартибин катаалдатты


Ашхабад, Түркмөнстан.

Түркмөнстанда чет өлкөгө китеп жөнөтүүнү каалаган жарандардан Мамлекеттик китепканадан атайын маалымкат талап кылына баштады. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Буга чейин түркмөнстандыктар үч-төрт китепти чет өлкөгө эч кандай документсиз эле жөнөтүп келишкен.

Жаңы талап 1-январдан баштап күчүнө кирди. Маалыматтарга караганда, Мамлекеттик китепкана "чет өлкөгө жөнөтүлө турган китеп Түрмөнстандын улуттук дөөлөтү эмес" деген бүтүм чыгарып бериши керек. Бул текшерүү үч күнгө созулат.

Түркмөнстандын тарыхына же адабиятына тиешеси жок, 40-50 жыл мурун басылып чыккан китептерди да экспертизага берип, маалымкат алуу зарыл.

Почта бөлүмдөрүндө китептерди чет өлкөгө жөнөтүүгө байланыштуу жаңы талаптар жөнүндө билдирүүлөр жок.

XS
SM
MD
LG