Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

Путин менен Эрдоган Москвада жолугушту


Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин.
Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин.

23-январда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Москвада жолугушту. Негизги тема Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу маселеси болду.

Лидерлер АКШнын Сириядан өз аскерлерин чыгарып кетүү боюнча билдирүүсүн талкуулашты. Путин мындай чечимди кубаттай турганын айтты.

Өз кезегинде Түркиянын президенти аймактан АКШнын аскерлери чыгып кеткен жагдайдан террористтик топтор пайдаланышы ыктымал болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Мындай кырдаалдын алдын алыш үчүн коопсуздук жаатында кызматташууну улантууну макулдашып, эки президент Сириядагы жаңжалды жөнгө салууга күч жумшай тургандыгын белгилешти.

Эрдоган Сирия менен Түркиянын чек арасына жакын тилкеге орус аскерлери менен бирге буфердик аймак түзүүнү сунуш кылды.

Сирияда жарандык согуш башталганына мартта сегиз жыл толот. Орусия жана Иран куралдуу жаңжалда президент Башар Асадды колдосо, АКШ менен Түркия өкмөткө каршы күрөшкөн козголоңчулардын таламын талашып келатышат.

Бирок АКШ президенти Дональд Трамп Сириядан 2000 аскерин чыгарып кетерин күтүүсүздөн жарыялаган соң Орусия менен Түркия согуш болуп жаткан аймактарда аскердик операцияларын координациялоону макулдашкан.

Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскери жайгаштырылган. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келген.

XS
SM
MD
LG