Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:28

Мавлянова: Мамлекеттик тил саясаты чабал болуп жатат (видео)


Махабат Мавлянова.
Махабат Мавлянова.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатынын алкагында жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы да ишке ашкан жок. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламенттин 24-январында өткөн жыйынында ушундай сын айтып чыкты. Эл өкүлү кошуна өлкөлөрдө мамлекеттик тилдин деңгээли кыйла жогору экенин белгилеп, Кыргызстанда кандай иштер жүрүп жатканына кызыкты. Ал мыйзамдардын аткарылышын, кеткен кемчиликтерди талдап чыгыш үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды.

Буга чейин коомдук ишмер, саясатчы Азимбек Бекназаров президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке кайрылып, өлкөдө кыргыз тилинин аброюн көтөрүүгө чакырган. Кайрылууда "мамлекеттик кызматка кирип жаткандардан кыргыз тилин билүү формалдуу эмес, милдеттүү түрдө талап кылынышы зарыл, көрнөк-жарнактар тартипке келтирилип, мамлекеттик тилди билбеген аткаминерлерге айыппул салыш керек" экендиги жазылган.

Кыргызстанда орус тили расмий макамга ээ. Көп иш кагаздары орусча даярдалганы, шаар жерлеринде тейлөө орусча жүрүп жатканы коомчулук арасында терс пикирлерди жаратып келет. (KE)

XS
SM
MD
LG